• 87
  • 90.58
  • 0.83

Эртеңден баштап бардык ички авиа каттамдар убактылуу токтотулат - штаб

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Эртең, 25-марттан баштап бардык ички авиа каттамдар убактылуу токтотулат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Мындай чечим өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга жана республиканын кээ бир район жана шаарларында киргизилген өзгөчө абал жөнүндө президенттин жарлыгына ылайык кабыл алынды.

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкө ичинде республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиа каттамдар гана уча алышат. Белгилүү болгондой, ички каттамдар Бишкектен Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларына жана кайра аталган шаарлардан жүргүзүлчү.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жана Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий