• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Эртең юридикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Экономика 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Эртең, 28-февралда юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктаарын Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Ага байланыштуу Салык кызматы декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды белгиленген мөөнөткө чейин тапшырууга чакырат.

Бүгүн жана эртең аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 24.00гө чейин кабыл алышат.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий