• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Президент жергиликтүү бийликке коррупция менен күрөшүүдө эл менен иштешүүгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрүн коорупция менен күрөшүүдө жардам берүүгө чакырды. Мамлекет башчысы мындай билдирүүнү "Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог" аттуу конференциясынын ачылышында билдирди.

Ал билдиргендей, коррупциялык көрүнүштөрдү ачыктоодо жүргүзүлүп жаткан иш жалпы элдик мүнөзгө ээ болушу керек, антпесе ал каалагандар таасир тийгизе албайт.

"Өлкөдөгү коррупция биз ойлогондон да кеңири кулачын жайган экен, көп фактылар ачылды. Коомду коррупциядан тазалабай туруп, өлкөнү экономикалык саздан чыгара албайбыз.Коррупцияга каршы күрөш эл колдогондо гана ийгиликке жетет", - деп баса белгиледи президент.

Ал өз сөзүндө коррупциялык схемаларды аныктоодо жарандык коом көмөк көрсөткөн башка мамлекеттердин тажрыйбасын айтып өттү. Кыргызстан да мындай тажрыйбаны колдонсо болот, ал үчүн жергиликтүү бийлик калк менен түздөн-түз тыгыз диалог жүргүзүшү керек болот.

Пикир

Оставить комментарий