• 87
  • 90.43
  • 0.88

Эртең Караколдо “Түндүк - 2024” мобилизациялык машыгуусу башталат

Аймак 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Эртең, 20-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери менен “Түндүк – 2024” мобилизациялык машыгуусу өткөрүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгилегендей, машыгууда аскердик абалды киргизүү мезгилинде аскердик башкаруу органдарынын кошуундарды жана бөлүктөрдү (бөлүкчөлөрдү) практикалык мобилизациялоо, машыгуучу штабдарды даярдоо, ошондой эле күжүрмөн ыкташууну жүргүзүү маселеси да практикалык жактан иштелип чыгат.

Машыгуу аймагына келген Куралдуу күчтөрдүн башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын башчысы Уланбек Осмоналиев жумушчу кеңешме өткөрүп, анда аткарылган иштер тууралуу машыгуунун жетектөө штабынын оперативдик топтордун жетекчисинин жардамчыларынын отчетторун укту.

Машыгуулар 22-августта жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий