• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Эртең Кыргызстандын атынан "Оскар" сыйлыгына талапкер тасма аныкталат

Маданият 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Эртең, 23-августта саат 10:00дө Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө абройлуу "Оскар" сыйлыгына "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясы боюнча ат салышып, Кыргызстандын атынан катыша турган тасма жарыяланат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул күнү кыргыздын таланттуу кинорежиссерлору жараткан тасмалардын кайсынысы маданиятыбызды дүйнөлүк аренада таанытууга мүмкүнчүлүк алары белгилүү болот.

Эскерте кетсек, учурда чет мамлекеттердеги Оскар комитеттери талапкерлердин лонг-листин (узун тизме) түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатышат. Кылдат тандоодон кийин атайын калыстар тобу шорт-лист (кыска тизме) түзүп , анын ичинен жеңүүчү тандалат.

Белгилей кетсек, 97- "Оскар" сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында легендарлуу Американын Лос-Анжелес шаарындагы Dolby театрында (Голливуд) өтөт.

Пикир

Оставить комментарий