• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Москвада Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын артисттери өз өнөрүн тартуулады

Маданият 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Москва шаарында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чыгармачыл жамаатынын спектакли болуп өттү.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, кыргыздын көрүнүктүү гуманист жазуучусу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган спектакль дипломатиялык өкүлчүлүк тарабынан "Кыргыз конгресси" жана "Кыргыз Биримдиги" коомдук бирикмелеринин активисттери менен биргеликте уюштурулду.

Москвада жашаган мекендештерге кыргыз, орус жана чет өлкөлүк авторлордун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдердин үзүндүлөрүнөн турган концерт тартууланып, театрдын Екатеринбург, Казань жана Чебоксары шаарлары боюнча гастролдук турунун жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий