• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Базар-Коргондо 14 жаштагы өспүрүм 10 күндөн бери табыла элек

Аймак 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылында 14 жаштагы өспүрүм 10 күндөн бери табыла элек.

ӨКМдин куткаруучулар аны 1-апрелден бери издеп жатат. Издөө иштерине ошондой эле облустук милиция кызматкерлери кошулган. Бирок азырынча эч кандай натыйжа боло элек.

Пикир

Оставить комментарий