• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Эртең Ош шаарында №49 автобус каттамга чыгат – схемасы

Аймак 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Ош шаарында 27-августтан тарта жаңы №49 муниципалдык автобустар каттамга чыгат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган каттам №149 кичи автобус каттамын алмаштырат жана кыймыл чиймеси өзгөрбөйт.

Белгиленгендей, маршрут Мады айылынын аймактык борборунан Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичи районуна чейин жүрөт.

Жаңы автобустук каттам 19 коомдук транспорттун аялдамасын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий