• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Нарынга иш сапары менен барды

Аймак 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган эл өкүлдөрү Нарын шаардык кеңеши тарабынан уюштурулган “Жети дубан достугу” иш-чарасына барды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл өкүлдөрү Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалы, шаардык кеңеш тарабынан аткарылган иштер, муниципалдык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышып, жети дубанды ынтымакка чакырган маданий жана спорттук мелдештерге катышты.

Аталган иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “мамлекеттик жарандык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” жарлыктарын колдоп, шаардык кеңештер ортосундагы ынтымакты бекемдөө, ар тараптуу кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана ротацияланган кызматкерлердин ишине көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

Эске салсак, 15-16-июль күндөрү Ош, Баткен, Нарын, Каракол жана Талас шаарларынын эл өкүлдөрү Жалал-Абад шаарына жумушчу сапары менен келген болчу. Алдыда мындай тажырыйба алмашуу улантылат.

Пикир

Оставить комментарий