• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ызгаар сууктан улам Таластагы Кара-Суу каналы тоңуп, үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралган

Аймак 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Талас облусуна караштуу Манас районунун Кыргызстан айыл аймагындагы Талас, Манас айылдарынан агып өткөн Кара-Суу каналы тоңуп, турак жайларды суу каптоо коркунучун туудурган. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тоңгон мууздарды талкалоо жана суунун нугун ачуу үчүн Манас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 12 куткаруучусу, жергиликтүү 9 тургун каналды муздан тазалоо иштерин жүргүзүштү.

"Муз чагуу, тазалоо менен Кыргызстан айыл аймагынын Көк-Дөбө айылынан 228 үй, Манас айылынан 134 жалпысынан 362 турак жай суу каптоодон корголот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий