• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда быйылкы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрына карата дан эгиндеринин абалы боюнча (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 585,1 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,7% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 1,7 млн. тонна дан жыйналды, бул 13,4% аз. Эгиндин көлөмүнүн төмөндөшү өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырганда кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн дээрлик 28% азайышы менен шартталган.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы абанын аномалдуу жогору температуранын кесепетинен вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы – 25,7%, арпанын жыйымы – 29,5 % кыскарды.

Дан буурчак, май өсүмдүктөрүнүн жана пахтанын жыйноо аянттары азайды. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрына карата 53,6 миң гектар аянттан дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата 6,1% аз, май өсүмдүктөрү 14,7 миң гектар аянттан жыйналды, же 17,2% аз жана пахта -17,6 миң гектар аянттан жыйналды, же 18,4% аз.

Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу кант кызылчасынын дүң жыйымы 37,3%, тамеки 18,6%, дан жүгөрү 10,0%, бакча өсүмдүктөрү 4,2% жана жашылча өсүмдүктөрү 3,6% олуттуу көбөйүшү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий