• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча XV Евразиялык олимпиададан олжолуу кайтышты

Билим 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча XV Евразиялык олимпиададан олжолуу кайтышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Олимпиада үстүбүздөгү жылдын 11-12-декабрында Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Анда Кыргызстандын окуучуларынан турган бир команда – алтын, эки команда – күмүш, үч команда коло медалга ээ болду.

Бишкек шаарындагы "Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучулары Эмил Талыпов, Адил Канатбеков, Ян Бобрус курамына кирген команда алтын байгеге ээ болду. Машыктыруучусу Медербек Осмонов.

Курамына Исхак Тажибаев, Алихан Айдарбеков, Тенгиз Джамалов кирген курама команда күмүш байгеге ээ болду, машыктыруучусу Кылычбек Ураимов.

Ошондой эле күмүш байгени Абдулазиз Лебиев, Кутбол Алманов, Санжар Садирбеков сыяктуу окуучулардан турган курама команда жеңип алган, машыктыруучусу Кылычбек Ураимов.

Ал эми коло медалга Кыргызстандын мектептеринен барган үч команда ээ болду, атап айтканда,

  • Байтөрө Майрамбеков, Айпери Акжолтоева, Канимет Бусурманкулов кирген курама команда, машыктыруучусу - Ураимов Кылычбек;
  • Назар Шаршеналиев, Максат Темирбеков, Адилет Байышов кирген курама команда, машыктыруучусу - Манас Саматов;
  • Ош Сема лицейинин окуучулары Байыш Минбаев, Али Арапов, Абдуллахан Абдирасулов, машыктыруучусу - Ураимов Кылычбек.

Ошол эле учурда Бишкек шаарындагы "Газпром Кыргызстан" мектебинин Gasprom_team командасы информатика боюнча XV Евразиялык олимпиадада III даражадагы дипломго ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий