• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Архитектура жана курулуш менеджменти колледжи 12 иш берүүчү менен кызматташмай болду

Билим 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Социалдык өнөктөштүктү кеңейтүүнүн алкагында Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи бир катар курулуш компаниялары, Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы, Кыргыз Республикалык майыптар коому менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол койду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, меморандумга кол коюунун максаты – эмгек рыногунун суроо-талаптарына жооп берүүчү кесипкөй кадрларды даярдоо. Жаңы сапаттуу кызматташуунун маанилүү учуру жумуш ордунда окутууну, окутуучуларды кесиптик көндүмдөргө окутууну киргизүү, дипломдук долбоор үчүн темаларды макулдашуу, бүтүрүүчүлөрдү ишке тартуу саналат.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Нурлан Атаканов аталган долбоордун алкагында КР Билим берүү жана илим министрлиги бүгүнкү күндө пилот жүргүзүп жаткан социалдык өнөктөштүктүн милдеттери жөнүндө айтып берди.

“17 жылдан бери Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүн колдоп келет, бул үчүнчү долбоор. Аталган долбоордо орто кесиптик билим берүү системасынын окуу программаларын сапаттуу жакшыртууга, окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга олуттуу көңүл бурулууда. Эң негизгиси – бул биздин бүтүрүүчүлөрдүн сапаты жана ишке жөндөмдүүлүгү. Студент өндүрүштүк практика учурунда адаттагыдай эмес, чындыгында көндүмдөргө ээ болгондой болуш үчүн социалдык өнөктөштү кызыктыруунун ыкмаларын, куралдарын өздөштүрүп жатабыз. Окуу жайларда иштеген окутуучулар да иш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта болууга тийиш, жаңы технологияларды жана көндүмдөрдү билип, бир толкунда болушу керек.

Өткөн жылы 16 пилоттук адистик жана 10 кесип тандалып алынган, алар боюнча окуу программалары иштелип чыкты жана иш берүүчүлөр менен макулдашылды. Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө эч качан окуу жай даярдыгынын даражасы боюнча иш берүүчүдөн жогору турбайт. Окуу жайлар дайыма бир аз артта болуп келет, биздин милдет бул боштукту болушунча минималдаштыруу. Ал үчүн окуу жайлар иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташышы керек. Азыркы учурда пилоттолуп жаткан куралдар келечекте кесиптик билим берүү системасында колдонулат”, - деди ал.

“Кесиптик техникалык билим берүү системасында социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү азыркы замандын чакырыктарына ылайык келет. Буга чейин биз студенттерди окуу жайдын территориясынан чыгуу менен даярдап келгенбиз, алар өндүрүшкө барышчу жана көптөгөн иш берүүчүлөр биз даярдагандан өндүрүштөгү айырмаланарын айтып, сындап келишкен. Эми бизде сапаттуу вектор болот, биз студенттерди иш берүүчүлөр үчүн даярдап жатабыз, келгиле бул ишти бирге жасайлы.

Аталган долбоордун алкагында 8 пилоттук колледж тандалды, алар Алдыңкы тажрыйба борборлору болот жана социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүшөт. АТБлардын базасында окуу-өндүрүштүк комплекстер түзүлөт. Эгерде биздин өнөктөштүк тармагыбыз кеңири болсо, окутуучулар сиздердин өндүрүштө боло алышат, жетишкендиктерди, кандай жаңы жабдуулар пайда болгонун көрө алышат. Билим берүү жана илим министрлиги бизге окуу программаларын түзүүдө өз алдынчалыкты берди, биз алардын үстүндө бирге иштей алабыз. Келечекте сиздер биз менен бирге бүтүрүүчүлөрдү даярдап, кийин аларды ишке ала аласыздар”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий