• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Эртең Париж Олимпиадасынын ачылыш аземинде спортчулар Сена дарыясы аркылуу параддан өтөт

Спорт 0

Бишкек, 25.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Эртең, 26-июлда Парижде ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.

Биринчи жолу Олимпиаданын ачылышы өзгөчөлөнүү менен кургакта эмес, суу үстүндө болот. Ага үч миңден ашык актер, музыкант жана бийчилер катышат. Салттуу параддын катышуучу-спортчулары дарыя аркылуу 180 кеме жана катер менен Аустерлиц көпүрөсүнөн Эйфель мунарасынын жанындагы Йенск көпүрөсүнө чейин сүзүп өтүшөт. Салтанатты жээктен 500 миңдей адам көрүп турат.

Кыргызстандын улуттук курамасы ачылыш аземдин жүрүшүндө параддан 98-болуп өтөт. Мамлекеттик тууну дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат.

Салтанат учурунда Парижде 45 миңдей полиция кызматкери коомдук коопсуздукту сактайт. Аларга 18 миңден ашык аскер кызматкерлери көмөктөшөт.

26-июлдан 11-августка чейин созула турган Олимпиада оюндарына 200дөн ашык өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу кыл чайнашкан беттештерге катышып, өлкөсүнүн намысын коргоо үчүн күч сынашат. Париж-2024 мелдешинин программасына спорттун 45 түрү киргизилген. Анда 300дөн ашык медалдардын топтому ойнотулат.

Кыргызстандын атынан Олимпиадага аттанган 16 спортчу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге чыгышат.

Белгилей кетсек, Париж тарыхында Олимпиаданы үчүнчү ирет өткөрүүгө камынып жатат. Буга чейин Франциянын борборунда жайкы оюндар 1900-жылы жана 1924-жылы, азыркы оюндарга туура жүз жыл калганда өткөн болчу.

Жайкы Олимпиада оюндары төрт жылда бир уюштурулат. Буга чейинки мелдеш Япониянын борбору Токио шаарында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий