Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Эртең Жалал-Абад шаарына газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, эртең, 28-апрелде саат 06:00дөн 20:00гө чейин магистралдык газ системасындагы оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу шаар аймагында газ берүү убактылуу өчүрүлөт.
Мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
Пикир
Оставить комментарий