Кечээ, 17-ноябрда административдик аймактык реформага байланыштуу таркатылган жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгү өттү.
Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон бери, президенттик, парламенттик же жергиликтүү кеңештерге болобу, айтор шайлоо өнөктүгүн таза өткөрөлү деген сөздөр ооз учунда эле айтылып келген. Биринчи президент Аскар Акаевдин бийлиги солгундай баштаганда, экинчи президенттик мөөнөткө аттанып, өлкөдө шайлоону кандай гана ыплас ыкмалар менен бурмаласа болот экендигин эл ошондо биринчи жолу көргөн. Ошондон бери, бир дагы бийлик шайлоолорду таза өткөргөнгө кызыкдар болгон эмес. Себеби, баарыбызга маалым. 30 жыл ичинде добуш сатып алуу менен коштолгон шайлоолордун мааниси төмөндөп, акыры жарандардын аң-сезимдүү бөлүгү атуулдук милдетинен баш тартып, тандоо өнөктүгүнө катышкысы келбей калган.
Бүгүнкү бийлик тескерисинче, шайлоону таза өткөргөнгө умтулганы – тарыхта жазылып кала турган мисал.
Ооба! Таза шайлоо өткөрүү Садыр Жапаровдун негизги максаттарынын бири экени бийликке келгенде эле билинген. Ал эми, үгүт иштери башталганда президент элге кайрылуу жасаган. Мамлекет башчы кайрылуусунда реформа бир топ олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келерин, ошондуктан бул шайлоолор өтө маанилүү иш-чара экенин, анын жыйынтыгынан көп нерсе көз каранды болорун баса белгилеген.
“Аймактардын өнүгүшү менен мамлекет күчтөнө тургандыгын эсибизден чыгарбай, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого активдүү катышып бериңиздер! Талапкерлердин ичинен татыктуусун тандоо да оңой иш эмес. Талапкерлердин арасында кызыл тили жанган, убаданы укмуштай берген, акчасы менен арбай тургандар, бирок аймактын, шаардын жүгүн тартууга акылы, билими, тажрыйбасы жетпегендер жок эмес. Ушундай депутаттарды шайлап алып, анан беш жыл бою өкүнүп калбагыла. Мектеп, бала бакча, жолдорду жана башка бардык соцобъектилерди мамлекет куруп берет. Эч бир талапкер же депутат өз чөнтөгүнөн жасай албайт. Депутаттар жергиликтүү аймактардын же шаарлардын элден чогулган бюджетин бекитип беришет жана кандайдыр бир маселелерде макулдугун берет же баш тартат ”, - деген кайрылуусунда президент.
Учурдагы бийликтин таза шайлоо өткөрүүгө кызыкдар болгонунун себеби, жергиликтүү кеңештерге таза инсандар келсе, алар бийликтин бутуна бут, колуна кол болуп, аймактарды өнүктүрүүгө чоң салым кошуп бийликтин жүгүн бир топ жеңилдетишет. Мындай кадамга өлкөнү өнүктүрөлү деген таза бийлик гана барганга эрки жетет.
“Бет алган жолубуз оңой эмес. Ары татаал мезгилде, ары кыйын учурда өлкөбүздү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошолу деген бийик жоопкерчиликти мойнубузга алып жатабыз. Мамлекеттин өнүгүшү жергиликтүү аймактардын өнүгүшүнөн башталат. Мына ошондуктан, жергиликтүү кеңеш деп көңүл бурбай койбойлу, кайдыгер карабайлы,”- деген президент.
Бүгүнкү мезгилдин талабына ылайык шайлоого аттангандар өлкө үчүн, элим, жерим деген таза инсандар болуш керек. Көч бара-бара түзөлөт дегендей, элдин дагы шайлоого болгон мамилеси өзгөрүшү керек.
“Биз “Аймак өнүксө – өлкө өнүгөт!” деп келебиз. Мына ушул аймактардын алдыга жылышында кесипкөй адистердин, креативдүү жарандардын, демилгелүү жаштардын жана мекенчил атуулдардан тандалып чыккан депутаттардын орду өзгөчө экенин унутпайлы. Мына ушундай жарандар шайланса, аймактарды, айыл жерлерин алдыга сүрөшөт, элдин тилегин орундатууга жан үрөйт” , - деген Садыр Жапаров.
Албетте, бул шайлоого катышкандардын арасында кандайдыр бир өздөрүнун кызыкчылыгын көздөгөндөр болбой койбойт. Мындайлар тийиштүү билими, тажрыйбасы жок болсо дагы ар дайым акчасына, жакындарына таянышат.
Депутаттыка мурункудай соттолгон, мыйзам менен көйгөйлөрү бар, ар кандай шылуундар кирип кетпесин деп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ар бир талапкер биздин электен өтөт деп билдирген эле.
«Биз мамлекетти адилеттүү башкарышыбыз керек. Мамлекеттик органдар шайлоого кийлигишпеши керек. Мурдагыдай эч ким башкалардын эркине басым жасабайт. Биз депутаттардын чынчыл болушуна, элге, мамлекетке кызмат кылуусуна умтулабыз. Биз кылмыштуулукка, коррупцияга, мыйзам бузууларга байланышкан шектүүлөрдүн катарын тазалоого аракет кылдык. Парламентте туура эмес шайлангандардын баарын тартипке келтирдик. Шайлоого катышып жаткан партиялардын ар бир талапкерин кылдаттык менен текшерип, эгерде алар же алардын жакындары кылмышка же коррупцияга аралашса, аларды тизмеден чыгаргыла. Шайлоо учурунда мыйзам бузган талапкер мыйзам чегинде катуу жазаланат. Өлкөдөгү тазалоо шайлоодон башталышы керек,” - деген Камчыбек Ташиев.
Учурдагы бийликтин шайлоого катышкан партияларга бирдей шарт түзүп, адилеттүү атаандаштыкка жол ачып, мурда өздөрү шайлоого алып чыгып жүргөн партияларын таратып жибергендиги дагы тарыхта кала турган мисал. Добушту сатып алуу, добушун сатуу дагы кылмыш. Бирок эгемендүүлүк алган жылдардан бери мындай фактылар эчен ирет катталып, кылмыш иши козголуп, ал тургай жарыштан четтетилгендер да болуп келген.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасында төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:
“Кечээ Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышып жаткан Социал-демократтар партиясы добуш сатып алууга шектелип, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоого катышуудан четтетилди. Албетте бул партияда тажрыйбасы көп саясатчылар бар. Алар манипуляция кылып, “бизге саясий куугунтук болууда” деген аргументтерди келтирүүгө аракет кылышат. Бирок күнөөлүү жана себепкер өздөрү, ал мыйзам бузуу, добуш сатып алууга болгон аракетинин натыйжасы. Андыктан, азыр дагы Социал-Демократтар партиясын шайлоодон өткөрбөй коюуга эч ким кызыкдар эмес. Болгону алар акча таратып, добуш сатып алуу фактысы менен четтетилип жатат. Бул окуяга саясий боёк берүүнүн кажети жок".
Таза шайлоо өткөрүү үчүн бийлик бардык күч-аракет жумшаганын, шайлоого чоң маани берип жаткандыгын Садыр Жапаров шайлоо күнү 17-ноябрда “Кабар” маалымат агенттине берген маегинде айтып берди.
“Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек. Акыркы 30 жылдык тарыхыбызда 3 жолу төнкөрүш болду. Үчөө тең шайлоолордон келип чыкты. Мурда бюллетень уурдамай, биринин добушун экинчисине кошуп коймой же бир айылдан экинчи айылга ташып добуш бердирмей, шаарларда болсо карусель кылмай болчу. Муну баарыңар эле көрүп жүргөнсүңөр. Эми мындан ары ушундай одоно мыйзам бузуулар кайталанбашы үчүн биз шайлоо системасын толук автоматташтырдык, электрондоштурдук десек болот. Мындан ары добуштарды адамдар санабайт, аппарат санайт. Биздин азыркы шайлоо системабыз КМШ өлкөлөрүндө жок система. Биз эң алдыңкы орундабыз.
Таза, калыс шайлоо болсун деп бийликтики делген партияларды да катыштырган жокпуз. Бул бир чети “админресурс колдонушту” деген сыяктуу сөздөрдү жаратпай, шайлоонун тазалыгына шек келтирбеш үчүн, экинчи жагынан бийликтин партиясы экен деп жергиликтүү чиновниктер мурдагыдай көрүп чуркап баштоосуна жол бербөө үчүн болду. Бул дагы болсо биздин шайлоону таза өткөрүүгө жогорку маани берээрибиздин бир белгиси. Мындан ары ыплас шайлоо дегенге жол берилбейт. Ошондуктан эми шайлоо жасалма болду, менин добушумду уурдап алышты дегенге таптакыр шылтоо жок. Мына ушинтип шайлоо системасы оңолду. Эми эл өзүңөр оңолгула. Добушуңарды сатпагыла. Добуш сатып алып жаткандарды коргоп чыга калбай, тескерисинче уятын чыгарып, жалпы элге жарыя кылгыла. Ошондо шайлоо маданиятыбыз оңолот. Оңолгонго милдеттүүбүз. Өнүккөн өлкөлөрдөн эмнебиз кем", - деди Садыр Жапаров.
Кечээ өткөн шайлоонун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзгөн эл аралык шайлоочулар Кыргызстанда добуш берүү мыйзам чегинде жана ыңгайлуу шартта өтүп жатканын айтышты. Эл аралык байкоочу Ольга Дорошенко Бишкек шаарынын аймагында алты шайлоо тилкесин кыдырганын белгиледи.
“Добуш берүү жалпысынан мыйзам чегинде өтүп жатат. Бишкек шаарындагы 6 шайлоо тилкесин кыдырып келдик. Азырынча биз участкалык комиссиялардын ишинде эч кандай мүчүлүштүктөрдү көргөн жокбуз. Тескерисинче, баары абдан так жана туура уюштурулган. Участкалык комиссиялардын бир нече өкүлдөрү менен сүйлөштүк, менде азырынча жакшы гана таасирлер бар экенин айткым келет. Техникалык жабдуулар боюнча айтсам, биздин байкоо учурунда эч кандай тоскоолдуктарды жана бузуулуларды көргөн жокбуз. Шайлоо процесси ачык өтүп жатат”, - деди эл аралык байкоочу.
Ал эми Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү, Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө байкоочу катары келген Антон Лопатин Кыргызстандагы шайлоо өткөрүү жаңы деңгээлге чыкканын айтты.
"Кечээ Чүй облусундагы бир катар шайлоо участокторун кыдырдык. Анда техникалык жактан профессионалдуу даярдыкты жана заманбап жабдыктарды, негизи эле Кыргызстан шайлоо өткөрүүдө жаңы деңгээлге чыкканына күбө болдук. Бул багытта мамлекет олуттуу иштерди жасаганы көрүнүп турат. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата көрүлгөн мыкты даярдыктар азыртадан эле олуттуу жыйынтыгын бере баштады десек болот. Себеби, жаңы технологиянын ишине адамдык факторлор аралашуусу мүмкүн эмес", - деди ал.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоого Азербайжан, Беларусь, Грузия, Индия, Казакстан, Молдова, Монголия, Россия, Түркия жана Өзбекстандан келген бир катар эл аралык байкоочулар мониторинг жүргүзүштү.
Республика боюнча шайлоо одоно мыйзам бузууларсыз өттү, эки үч шайлоо участкасында электрондук урналардын иштөөсүндө техникалык мүчүлүштүктөр катталган. Албетте, айрым жерлерде атаандаштар бири бирине нааразычылыктарын билдирген.
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук жана саясий ишмер Жамин Акималиев азыр Кыргызстандын жаңылануу жана форматтоо процессине күбө болуп жатабыз, саясий активдүү жарандар өз добуштары менен эски элитаны четке чыгарып жатканын айтат. «Республикада маанилүү саясий өнөктүк – жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоолор ийгиликтүү аяктады деп ишенимдүү айта алабыз. Белгилеп кетсек, айрым партиялардын, өзгөчө Социал-демократтардын добуш сатып алуу менен четтетилген мыйзамсыз аракеттерине карабастан, шайлоо татыктуу өттү. Маселен, Бишкек шаардык кеңешине шайлоого 6 партия катышып, анын ичинен 5 партия жетиштүү добуш алган. “Адилет”, “Эмгек”, “Жаңы күч” сыяктуу саясий партиялар 15 пайыздан 30 пайызга чейин добуш алышты. Шайлоочулардын бардык деңгээлдеги шайлоого катышуусу ыктыярдуу болуп, таза жана ачык шайлоо үчүн реалдуу күрөш жүрүп жаткан азыркы шарттарда бул көрсөткүчтөр нормалдуу көрүнүш. "Аз, бирок саз" дегендей”, - деп белгиледи эксперт.
Ал эми добуш берүү көрсөткүчү анча деле жогору эмес жана негизинен 20-30%ды түзгөн шайлоочулардын катышуусуна келсек, эксперттер муну Кыргызстанда таза жана ачык шайлоо маданияты жаңыдан калыптанып жатканы менен түшүндүрүшөт.
«Албетте, шайлоого катышкандардын көрсөткүчү мурдагы саясий системанын тушундагыдай 80% пайыз эмес. Бирок азыр бизде реалдуу жыйынтык бар, республика боюнча орточо эсеп менен шайлоочулардын 25%га жакыны добуштарын беришти. Биз таза жана ачык шайлоо өткөрүүнүн алгачкы жолуна түшкөнүбүздү унутпайлы. Шайлоого болгон ишеним акырындык менен кайтып келе жатат. Ошону менен бирге, келечекте калктын кеңири катмарын шайлоого тартуу боюнча бардык жерде коомчулук арасында активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек”, - деп белгиледи Жамин Акималиев.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгү катардагы окуя эмес, бул ири масштабдагы элдин тандоо акциясы. Ошондуктан, шайлоо бирөөлөргө атуулдук милдет болсо, душмандар үчүн ар кандай провокацияларды өткөрө турган шылтоо. Жогоруда президент айткандай, “тарыхыбызда 3 жолу төнкөрүш болду. Үчөө тең шайлоолордон келип чыкты”. Социалдык тармактарга туура эмес маалымат чыгарган фейктер, өлкөгө жамандык каалагандардын айласы кеткенинен жасап жаткан иштери. Эски видеолорду чыгарып Ысык-Көлдө, Кочкордо эл чогулуп жатат деген провокациялары суу кечкен жок. Мында дагы бир нерсе болуп кетсин дегендердин арам тилектерин таш капты. Бүгүн андай кырдаал жок. Бүгүн өлкө өнүгүү жолунда.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий