• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Эстонияда Кыргызстандын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери тааныштырылды

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Эстониядагы БУУнун семинарында Кыргызстандын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктерин тааныштырылды.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен маалымдашкандай, министр Нурия Кутнаева Эстонияда өткөн Таллиндик санариптик саммитинин алкагында БУУнун мамлекеттик башкаруу жана санариптик өкмөт департаменти менен биргеликте уюштурган эки күндүк семинарга катышты.

Иш-чара санариптик трансформация жаатындагы тажрыйба алмашууга жана мамлекеттик сектордо санариптештирүүнүн мыкты тажрыйбаларын жайылтууга багытталган. Катышуучулар БУУнун электрондук өкмөт боюнча глобалдык изилдөөсүнүн негизги жыйынтыктарын, санариптик өнүгүү стратегияларын, санариптештирүү деңгээлин баалоо инструменттерин жана методологияларын талкуулашты.

Анда Нурия Кутнаева Кыргызстанда жарандар үчүн мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган санариптик чечимдер активдүү киргизилип жатканын билдирди. Онлайн-кызматтарды көрсөтүүгө жана IT инфраструктурасын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.

Министр ошондой эле эл аралык рейтингдерди түзүүдө санариптештирүүнүн актуалдуу абалын эске алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал БУУнун Глобалдык изилдөөсү үчүн маалыматтар 2023-жылдын августунда чогултулганын жана жыйынтыктар 2024-жылдын октябрында жарыяланганын кошумчалады. Баалоо методологиясын түшүнүүнү жакшыртуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө үчүн Нурия Кутнаева кошумча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий