• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Этникалык кыргыздарга жарандык берүү боюнча иш уланууда — Эсеналиева

Коом 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда этникалык кыргыздарга жарандык берүү боюнча иш уланууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Калктын жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Элиза Эсеналиева билдирди.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 21-июнунан баштап Санариптик өнүктүрүү министрлиги этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок адамдарга КР жарандыгын берүү боюнча документтерди кабыл алууну баштаган.

Эсеналиева бул багытта массалык иш-чаралар өткөрүлүп, Чүй жана Баткен облустарында мобилдик топтор элди кыдырып, 1,5 миң мамлекеттик кызмат көрсөткөнүн белгилейт.

“Негизги басым Баткен облусуна жасалууда. Биздин мобилдик топтор консультативдик кызмат көрсөтүп, билдирүүлөрдү кабыл алууда. Бүгүнкү күндө аталган облуста жарандарга 950дөй мамлекеттик кызмат көрсөттүк”, - дейт ал.

Калкты каттоо департаментинин директору кошумчалагандай, өткөн жылдан бери 2 миңден ашык арыз кабыл алынып, 600 адам Кыргызстандын жарандыгын алды.

“Ошондой эле калкты тейлөө борборлорунан тышкары жарандык алуу боюнча кайрылуу үчүн Жалал-Абад, Ош, Баткен, Лейлекте кошумча алты пункт ачылды”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий