ЭТТК системасына өзгөртүүлөр киргизилди — Салык кызматы

Экономика 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" системасынын функционалын кеңейтүү жана оптималдаштыруу үчүн өзгөртүүлөрдү киргизди.

Ведомстводон маалымдашкандай, виртуалдык кампага товарларды киргизүү функциясы үчүн киреше булактарынын тизмеси кеңейтилди. Калктан сатып алуу, калктан кайтаруу, арзандатылган товарлар, кайра сорттоо, өзгөчө режимдеги соода аймагындагы салык төлөөчү, салык контролунун материалдарынын негизинде, сатуу үчүн негизги каражаттарды кириштөө сыяктуу булактар кошулду.

Ошондой эле кампадан товарды эсептен чыгаруу үчүн зарыл болгон себептердин саны көбөйдү. Отун карталары жана талондордун негизинде эсептен чыгаруу, сертификаттардын негизинде эсептен чыгаруу, салык контролунун материалдарынын негизинде, арзандатылган товар, кайра сорттоо, негизги каражаттарды эсептен чыгаруу, гуманитардык жардам түрүндө эсептен чыгаруу, чыгымдоо материалдарын эсептен чыгаруу себептери кошулду.

Эми колдонуучуларга ЭТТКны толтуруу процессинде "автомобилдик" транспорт ыкмасын тандоодо айдоочунун маалыматын көрсөтүүнүн кажети жок.

Мындан тышкары, "Менин маалыматтарым" бөлүмүндө "Айдоочулар" блогу жана ЭТТКны тариздөөнүн жүрүшүндө пайда болгон "ЖБД" жана "Эсеп-фактуранын номери" талаалары алынып салынган.

Эскерте кетсек, ушул жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык чекене сатууну ишке ашырган чакан жана орто ишкердик субъекттери, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда, дыйкан чарбаларда, ошондой эле тигүү жана текстиль тармактары үчүн ЭТТКны колдонуу боюнча өзгөртүүлөр жана жөнөкөйлөштүрүү киргизилген.

ЭТТКны колдонуу боюнча толук маалыматты жана консультацияны 116 номеринен жана жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий