Евро-2024: Грузия Португалияны жеңип, биринчи жолу плей-оффко чыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. 2024-жылдагы Европа чемпионатынын тайпалык этабындагы үчүнчү матчта Грузия курамасы Португалиянын футболчуларын жеңди.

Оюн Германиянын Гельзенкирхен шаарындагы “Фелтинс-Арена” стадионунда өтүп, 2:0 эсебинде грузиндердин пайдасында жыйынтыкталды. 2-мүнөттө чабуулчу Хвича Кварацхелия дарбазага топту таамай киргизсе, ал эми 57-мүнөттө Жорж Микаутадзе пенальти менен командасын алдыга чыгарды.

Муну менен Грузия F тобунда үчүнчү орунду ээлеп, 4 упай менен Евро-2024 мелдешинин плей-офф баскычына жолдомо алды.

Турнирдин 1/8 финалында биринчи жана экинчи орунга ээ болгон Португалия менен Түркия беттешет. 1/8 финалдын матчтары 29-30 июнда өтөт.

Белгилей кетсек, футбол боюнча 2024-жылдагы Европа чемпионаты Германияда 14-июндан 14-июлга чейин болот. Ага 24 команда катышууда.

Пикир

Оставить комментарий