• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Евро-2024: Испания менен Франция жарым финалга чыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 06.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Европа чемпионатынын 1/4 финалында Гамбургдагы "Фолькспаркштадион" стадионунда Португалия менен Франциянын улуттук курама командаларынын оюну өттү.

Беттешти Майкл Оливер баштаган калыстар тобу көзөмөлдөдү. Негизи жана кошумча убакыт берилгенде оюн 0:0 эсебинде аяктады. Пенальти сериясында Франция күчтүүлүк кылып, атаандашын 5:3 эсебинде утту. Муну менен Португалия чемпионаттагы оюндарын бүтүрүп, үйүнө кетти.

Ал эми Штутгарт шаарындагы "Мерседес-Бенц-Арена" стадионунда 1/4 финалдын дагы бир матчы Испания менен Германиянын беттеши орун алды. Оюнду Энтони Тейлор жетектеген калыстар тобу тейледи. Беттеш 2:1 эсебинде Испаниянын жеңиши менен жыйынтыкталды.

Эми Испания менен Франциянын футбол боюнча улуттук курама командалары Евро-2024 мелдешинин жарым финалында кез келет. Алардын оюну 9-июлда өтөт.

Бүгүн, 6-июлда Нидерландия - Түркия, Англия - Швейцария беттештери болот. Бул беттештерден утуп чыккан эки команда жарым финалда ойнойт.

Белгилей кетсек, Европа чемпионаты 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтүүдө. Буга чейинки турнирди Италиянын курамасы уткан. Евро-2020 мелдешинин финалында италиялыктар англичандарды пенальти менен 3:2 эсебинде жеңген болчу.

Пикир

Оставить комментарий