Ошто жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Ошто жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июлда саат 19:17де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Чоң-Алай районунун Шибээ, Жар-Башы, Кушчу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу Жар-Башы айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, Баткен шаарынан 133 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий