Европа чемпионатынын чейрек финалына чыккан командалар белгилүү болду

Дүйнө 0

Бишкек, 03.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Европа - 2024 чемпионатынын 1/8 финалы жыйынтыкталды.

Акыркы оюнда Түркия Австрияны 2:1 эсебинде, ал эми Нидерландия Румынияны 3:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо ала алды.

Ошентип Евро - 2024 мелдешинин чейрек финалында ойной турган 8 улуттук курама белгилүү болду.

  • 5 - июлда Испания - Германия;
  • 5-июлда Португалия- Франция;
  • 6-июлда Нидерландия- Түркия;
  • 6-июлда Англия- Швейцария беттештери болот.

Чейрек финалда уткан төрт өлкөнүн футболчулары жарым финалда кез келет. Алардын оюндары 10-11-июлда болот. Анда жеңишке татыган эки команда 14-июлда финалда ойношот.

Белгилей кетсек, Европа чемпионаты Германияда өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий