• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Иранда өлдү деген 6 айлык ымыркай тирилди

Дүйнө 0

Бишкек, 30.09.18. /Кабар/. Ирандын батышындагы Урмия шаарында энесинин курсагында 6 айлык кезинде төрөлүп, ошол замат каза болуп калган ымыркай өлүкканадан тирилип кетти. Бул тууралуу ISNA агенттиги кабарлады, - деп жазат CA-IR NEWS сайты.

Маалыматка караганда, төрөлөрү менен чарчап калган 6 айлык эки эгиз ымыркайдын бирөөсү өлүкканада жуунтуп жатканда тирилип, ыйлаган. Билдирүүгө ылайык, Урмия шаарынын дарыгерлери ымыркайдын каза болгондугун ырасташып, сөөгү өлүкканага жеткирилген.

Шаардын сөөк коюу кызматынын башчысы Амир Аббас Абедини ымыркайдын үй-бүлө мүчөлөрү баланын тирилгенин укканда шок абалда калышканын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Испанияда каза болгон киши да өлүкканада соер алдында тирилип кеткен.

Пикир

Оставить комментарий