• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 41 миң адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Түркиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 41 миң 20 адамга жетти. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.

Ири жер титирөөдөн кийин 6 миң 210 афтершок (кайрадан жердин силкинүүсү) болгон.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий