• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Күзөт кызматынын Ленин райондук бөлүмү 2022-жылдын жыйынтыгы менен мыкты деп табылды

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча эң мыкты бөлүм деп табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган Күзөт кызматынын 57 жылдыгына карата Күзөт кызматына салымын кошуп келген өздүк курамга жана ички иштер органдарынын көп жылдар бою кызматта эмгегин сиңирген, ардактуу эс алууда жүрсө да салымын кошуп келген кесиптештерди медаль, ардак грамоталар, кол сааттар менен сыйлашты.

ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмү түзүм бөлүмдөр арасында жарандардын мүлкүн, жеке ишканаларын жана батирлерин сактоодо мыкты иш алып баргандыгы, жетекчилик курамы иш-кагаздар менен өз убагында так аткаргандыгы, объектилерди кайтарууда өздүк курам жоопкерчиликтүү мамиледе милдетин аткаргандыгы үчүн биринчи орунду ээледи.

Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Момбеков өздүк курамды, ардагерлерди медаль, ардак грамота жана мыкты белектер менен сыйлап, ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле иш-чарага эл өкүлү Русланбек Жакышов катышып, Жогорку Кеңештин атынан өздүк курамга ар кандай сыйлыктарды тапшырды.

Аны менен бирге, Улуттук банктын Коопсуздук башкармалыгынын бөлүм башчысы Абдуазим Ажыгулов Улуттук банктын атынан дагы мыкты кызматкерлерди сыйлады.

Мындан тышкары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмү Бишкек шаарынын Ленин РИИБи менен тыгыз байланышта иш алып баргандыгы үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын жетекчилигинин сыйлыктары мыкты кызматкерлерге тапшырылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында, Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн ѳздүк курамы ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген милициянын подполковниги Султан Дюшалиевди салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышып, өздүк курамдын атынан салтка айланган чапан, калпак кийгизишип, баалуу белектерин тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий