• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын облусунда өткөн “Уурулук” рейдинин алкагында 6 кылмыштын бети ачылды

Коом 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. 23-24-ноябрда Ички иштер министрлигинин тескемесинин негизинде кылмыштардын алдын алуу жана күрөшүү максатында Нарын облусунун аймагында “Уурулук” аталыштагы рейддик иш-чара өттү.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиргендей, тескеменин талаптарын аткаруу максатында иш-мерчем түзүлүп, жогорудагы иш-чарага 17 топ турган жалпы 166 милиция кызматкери, 12 автоунаа тартылган. Бул иш-чаранын жүрүшүндө 136 адам текшерилип, 46 протокол түзүлдү жана 119 автоунаа текшерилди.

Жалпы 6 кылмыштын бети ачылса, анын ичинен 3 уурулук , 2 мыйзамсыз ок атуучу куралдын алынышы, 1 тоноо.

Пикир

Оставить комментарий