• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте ичимдик менен коштолгон отуруш өлүм менен аяктады

Коом 0

Бишкек, 16.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте ичимдик менен коштолгон отуруш 38 жаштагы эркек кишинин өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) басма сөз кызматы билдирет.

Милициянын маалыматы боюнча, 14-январда эки эркек жана бир аял ичимдик ичип отурушкан, жөнөкөй отуруш барып чырга, андан соң мушташка айланган.

“Натыйжада эркек кишинин бири бөтөлкөлөшүн көкүрөгүнө жана далысына бычак менен сайган. Жабырлануучу ооруканага бара жатканда каза болгон”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган окуя боюнча милицияга билдирүү таңкы саат 5тер чамасында түшкөн, окуя болгон жерге ыкчам-топ келген.

Аталган факты боюнча “адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. Шектүү Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий