• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Эмгек министрлиги 11 айда 14 миңден ашуун жаранды ишке орноштурган

Коом 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү департаменти тарабынан 2022-жылдын 11 айында 14 миң 213 адам ишке орноштурулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, жарандар тигүү цехтерине же ар түрдүү жумуштарды жасаган жумушчу катары ишке орноштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий