• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкек мэриясында балдар аянтчаларынын ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Бишкектин социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Балдардын көңүл ачуу борборлорунун ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга "Технопарк", "Азия Молл", "Иллюзион", "Скай парк" жана "Бублик" борборлорунун өкүлдөрү катышты.

Анда алгоритмдердин жана бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын сакталышын эске алып, аталган аянтчалардын ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Ассоциациянын өкүлдөрү бардык санитардык талаптарды сактоо менен аянтчаларды ачууга жана кызматкерлерди эмдөөдөн өткөрүүгө даяр экендигин белгилешти.

Вице-мэр бул маселе шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын кезектеги жыйынына коюла тургандыгын белгиледи.

Борбор калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. 2021-жылдын 28-майына карата коронавирустук инфекция жана пневмония боюнча 169 жаңы учур катталды, 278 бейтап айыгып, 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий