• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Тлеуберди Бишкекке болгон иш сапары тууралуу: Негизги маселелерди сүйлөшүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү

Саясат 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен кеңири чөйрөдө жолугушуу учурунда негизги маселелерди сүйлөшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү деп билдирди.

“Биздин бүгүнкү жолугушуубуз кыргыз-казак стратегиялык мамилелердин жогорку деңгээлин, биздин жалпы тилге жана тархыбызга негизлген толук кандуу диологду мындан ары дагы өнүктүрүүгө болгон аракетибизди тастыктайт. Мамлекет башчыларынын жолугушуусунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун журүшүн, аймактык саясат жана эл аралык актуалдуу маселелерди сүйлөшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзулдү”,-деди ал.

Тлеуберди Казакстан КР президент Садыр Жапаровдун кыргыз-казак мамилелеринин бекемдөөгө түрткү берген Нур-Султанга мамлекеттик иш сапары жогору бааланганын белгиледи. Алар жетишкен келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшү буга ачык-айкын далил.

Пикир

Оставить комментарий