• 88.68
  • 95
  • 0.95

31-декабрга чейин унааларды кошумча “Бизнес-Транс-Сервисте” бажылык тариздөөдөн өткөрүүгө мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. 31-декабрга чейин “Бизнес-Транс-Сервис” бажылык тариздөө жайында жеке жактар ташып келген автоунааларын бажылык тариздөөдөн өткөрө алат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 31-декабрь күнү жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген автоунааларга карата жеңилдетилген бажы алымынын жана салыктын мөөнөтү аяктайт.

Ушуга байланыштуу автотранспорт каражаттарын ташыган жактарга ыңгайлуу шарт түзүү жана кезекти болтурбоо үчүн, Мамлекеттик бажы кызматынын “Түндүк-Чыгыш” бажысынын Бишкек шаарынын Кожевенная 74 дарегинде жайгашкан “Бизнес-Транс-Сервис” бажылык тариздөө жайында жеке жактар ташып келген автоунааларын бажылык тариздөөдөн өткөрө алат. “Бизнес-Транс-Сервис” бажылык тариздөө жайы 2019-жылдын 31-декабрына чейин 9:00дөн 24:00гө чейин дем алышсыз иштейт.

Маалымат ирээтинде:

Бажылык тариздөөнү төмөнкү бажы органдарында жүргүзсө болот:

“Түндүк” Темир жол бажысы, “Автомобилдик” БТЖ- дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 2а.

Түндүк-Чыгыш бажысы, “Автомобилдик” БТЖ- дареги: Военно-Антоновка айылы, Степная көчөсү, “РИОМ Авто” унаа базары.

Түндүк-Чыгыш бажысы, “Бизнес-Транс-Сервис” БТЖ- дареги:Бишкек шаары Кожевенная 74

Пикир

Оставить комментарий