• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте ИИМдин алдында зомбулукка каршы митинг өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында зомбулукка каршы митинг өтүп жатат. Акция 5-апрелде Бишкекте күч менен никеге туруу үчүн уурдалган Айзаданын өлүмүнө байланыштуу өтүүдө.

Акциянын катышуучулары ички иштер министринин жана Бишкек шаардык милициясынын башчысынын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Пикир

Оставить комментарий