• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы ишкер аялдарды акысыз окутат

Коом 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Ишкердикти аркалган аялдар акысыз окууга кабыл алынууда. Бул тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, "Бизнестеги аялдар" ментордук программасына катышууга билдирме берүү 6 күндөн кийин аяктайт.

Программага катышууга ишкердик тармакта эки жылдан ашык эмгектенген жана өз ишин өнүктүрүүнү максат кылган бизнес ээлери чакырылууда. Алар менен Кыргызстандын, Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тажрыйбалуу ишкерлери өз билимдерин жана көндүмдөрүн бөлүшү, максатка жетүүгө шыктандырышат.

"Жети ай аралыгында программанын катышуучулары менторлор менен бирге продукциянын сапатын көтөрүү жана сатууларды көбөйтүү, өндүрүштү кеңейтүү жана жаңы сатуу рынокторуна чыгуу, жумушчу орундарды түзүү жана ата мекендик экономикага кошкон салымын жогорулатуунун үстүндө иштешет. Программада окуу акысыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий