• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

Финансы министри Вашингтондо ЭВФнын жылдык жолугушууларына катышты

Экономика 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев 21-26-октябрда Американын Вашингтон шаарында өткөн Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жыл сайын өтүүчү жолугушууларына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул иш-чаранын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, структуралык реформаларды ишке ашырууну каржылоо жана колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Дүйнөлүк банктын Швейцария шайлоо округунун губернаторлорунун жолугушуусунун алкагында финансы министри Алмаз Бакетаев учурдагы Кыргызстандын макроэкономикалык өнүгүү жана мамлекеттик финансынын абалы тууралуу доклад жасады.

Мындан тышкары, жыл сайын өтүүчү жолугушуунун алкагында өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен эки тараптуу жолугушуулар болуп, мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду каржылоонун актуалдуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий