Финансы министринин орун басары Татиков ЕРӨБ өкүлдөрү менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын финансы министринин орун басары Руслан Татиков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы долбоорлор боюнча маселелерди талкуулашты.

Бул жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар келечекте эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жөнүндө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий