Финансы министрлиги: 4 айда Ош облусуна 382,8 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. 2024-жылдын 4 айында республикалык бюджеттин эсебинен Ош облусу боюнча жалпы бюджеттер аралык трансферттер 285,4 млн сом өлчөмүндө каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • теңдөөчү трансферт – 251,8 млн сом;
  • айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 18,0 млн сом;
  • электр энергияга болгон 50% компенсациясына – 15,6 млн сом;

Мындан тышкары, Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен 97,4 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошентип, 4 ай аралыгында Ош облусуна жалпы 382,8 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий