• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Финансы министрлиги 5 млрд сомду комбанктарга жайгаштырууну көздөөдө

Экономика 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Финансы министрлиги бюджеттеги убактылуу бош каражаттарды коммерциялык банкттарга жайгаштырат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каражаттарды жайгаштыруу боюнча сунуштар министрликтин конкурстук комиссиясы тарабынан каралат. Жайгаштырууга каралган акча каражатынын жалпы көлөмү 5 млрд сом, 12 лотко бөлүнгөн, мөөнөтү 4 айга чейин (2024-жылдын 25-декабрына чейин).

Каражаттарды жайгаштырууга коммерциялык банктарды тандоо конкурсуна катышууга табыштамалар 29.08.2024 саат 18-00гө чейин кабыл алынат (табыштамаларды тапшыруу дареги Эркиндик бульвары 58-а, Борбордук казыналыктын имараты, 4-кабат, накталай акчаны болжолдоо сектору, тел: 62-59-19, 62-53-13 (3471).

Пикир

Оставить комментарий