• 87
  • 90.43
  • 0.88

Финансы министрлиги банктардан түшкөн сунуштарды жана демилгелерди кароого даяр - Татиков

Экономика 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Финансы министрлигинде министрдин орун басары Руслан Татиковдун төрагалыгы астында коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен “Туруктуу агро азык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруунун башталышы боюнча жолугушуу болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарада Руслан Татиков бул кредиттик линияны ишке ашыруунун алкагында Финансы министрлиги банктардан түшкөн сунуштарды жана демилгелерди кароого даяр экендигин билдирди.

Андан соң катышуучуларга долбоордун деталдуу презентациясы тааныштырылды. Жолугушуунун жүрүшүндө активдүү талкуу болуп, анын алкагында коммерциялык банктардын өкүлдөрү бир катар суроолорду жана сунуштарды айтышты.

Жолугушуунун соңунда банктардын өкүлдөрү аталган кредиттик багытка кызыкдар экендиктерин белгилешти. Ошондой эле ишке ашыруу механизмдери боюнча бардык сунуштарды кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүнө жиберүү жана сунуштарды андан ары иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий