• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Финансы министрлиги: Чакан ишканаларга 7,4 млрд сом пайызсыз насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. "Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында 10 миң 425 ишкерге пайызсыз насыя берилди.

ФИнансы министрлигинен маалымдашканда, берилген насыянын жалпы көлөмү 7 млрд 412 млн 87 миң 917 сомду түзөт. Анын ичинен:

  • 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 984 ишкерге 5 млрд 207 млн 233 миң 916 сом;
  • 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 441 ишкерге 2 млрд 204 млн 854 миң сом наясы берилди.

Белгиленгендей, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий