• 87
  • 90.59
  • 0.86

Финансы министрлиги: Энергетика тармагын каржылоо 93,9 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. 2024-жылы энергетика тармагынын негизги багыттарын каржылоо дээрлик 93,9 млрд сомду түздү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, бул белгиленген бюджетке салыштырмалуу 19,8 млрд сомго көптүк кылат. 2024-жылга карата 74,1 млрд сом бекитилген.

Бул каражаттар төмөнкү иш-чараларга каралган:

1. Мамлекеттик стратегиялык энергетикалык ишканалардын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКтын уставдык капиталын көбөйтүүгө 2024-жылга 55,8 млрд сом каралган, бүгүнкү күндө 55,3 млрд сом каржыланган.

2. 2024-жылга күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоого 11,3 млрд сом каралган, анын ичинен 10 айдын жыйынтыгы боюнча чыгаша 8,9 млрд сом каржыланды.

Күз-кыш мезгилинин негизги иш-чарасы жылуулук энергиясын субсидиялоо болуп саналат. Калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу 2024-жылга жылуулук менен жабдуучу ишканаларды субсидиялоого 1,7 млрд сом бекитилген, ал эми такталган бюджет 4,3 млрд сомду түздү. Субсидиянын көлөмүнүн көбөйүшү Бишкек шаарынын ЖЭБин Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү менен байланыштуу. Бул убакка чейин Бишкек шаарынын ЖЭБинин чыгымдары кайчылаш субсидиялоо жолу менен "Электр станциялары" ААК тарабынан жабылып келген.

3. Бишкек шаарынын ЖЭБин оңдоо иштери үчүн Бишкек шаарынын мэриясына 1,6 млрд сом суммасында максаттуу трансферт бөлүнгөн.

4. 2024-жылы энергетика тармагына бардыгы болуп 12,6 млрд сом бюджеттик насыя берилген, анын ичинде:

  • Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун долбоордук-изилдөө иштерине кошумча 2,4 млрд сом, анын ичинен 2024-жылга 490 млн сом, ошону менен 2024-жылга 1,1 млрд сом каралган, 2024-жылга бекитилген сумманы эске алуу менен;
  • электр энергиясын импорттоого жана отун сатып алууга (1 кварталга) 2024-жылга 1,5 млрд сом бекитилген, Кошумча 7,5 млрд сом бөлүнгөн, ошону менен 2024-жылга 9 млрд сом бөлүнгөн;
  • "Кыргызнефтегаз" ААКка "Кыргыз Петролеум компани" заводун модернизациялоого 2024-жылга бюджеттик кредит бөлүүгө 1,9 млрд сом каралган.

Эскертүү: энергия секторуна бюджеттик насыялар жеңилдетилген шарттарда минималдуу пайыздык ставка менен (жылдык 1%) 7-10 жылга үч жылга берилет

5. Мамлекеттик инвестициялар боюнча үстүбүздөгү жылга 8,1 млрд сом бекитилип, такталган бюджет 8,9 млрд сомду түздү;

6. "Газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо" программасын ишке ашыруу үчүн 2024-жылга 10 млн сом каралган.

7. Энергетика министрлигинин административдик чыгымдары 343,2 млн сомду түзөт.

Ошентип, 10 айдын жыйынтыгы боюнча энергетика тармагындагы чыгаша 204,1 млн сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий