• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Насыя алууну пландап жатасызбы? Банк менен түзүлгөн келишимде эмнеге көңүл буруу керек

Экономика 0

Бишкек, 06.10.23. /Кабар/. Улуттук банктан кредиттик келишим түзүүдө эмнеге көңүл буруу керек экендигин айтып беришти.

Ошентип, сиз кредиттик келишим түзүүнү пландап жатасыз.

Адистердин пикиринде, кандай сумма жана эмне үчүн кредит алып жатканыңызга карабастан, кол коюуга жана акча алганга чейин ошол кредиттик келишимди кунт коюп толук окуп чыгыңыз.

Маалыматтардын ачык-айкындуулугу банктык кызмат көрсөтүүнүн жалпы шартынан болуп саналат, ал коммерциялык же банктык сыр болбошу керек. Банктык кызмат көрсөтүү боюнча комиссиялык төлөм, тарифтер жана пайыздык чендер керектөөчүлөр үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш.

Финансы-кредит уюмдары (мындан ары - ФКУ) менен керектөөчүлөрдүн өз ара иш алып баруусу КР жарандык мыйзамдарына ылайык түптөлөт. Керектөөчүлөр ФКУну жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча эркин тандашат.

Банктык кызмат көрсөтүүлөргө кандай болбосун келишим түзүүгө чейин керектөөчү сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр боюнча толук чечмеленген маалыматка ээ болууга тийиш. Сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары жана наркы тууралуу маалыматтарды берүүдөн баш тартууга жол берилбейт. ФКУ сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары, аларга байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер, мыйзамдарда каралган алардан улам келип чыккан кесепеттер жана жоопкерчиликтер тууралуу маалыматты керектөөчүгө маалымдоо үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

Пайыздык чендер, валютанын алмашуу курсу жөнүндө маалыматтарды эске албаганда, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттарынын өзгөрүшү тууралуу маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында же интернет-сайттарда алар күчүнө киргенге чейин кеминде он жумуш күнү мурда жарыяланууга, ошондой эле ФКУнун маалымат такталарында туруктуу жайгаштырылууга тийиш. Пайыздык чендердин жана валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүүсү тууралуу маалыматтар токтоосуз дароо жарыяланат.

Керектөөчүлөр менен түзүлгөн келишимдер Кыргыз Республикасынын банктык жана башка мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Керектөөчүлөр менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдер шарият стандарттарына жооп бериши зарыл. Келишимдердин тексти он экиден кем эмес бирдей өлчөмдөгү шрифт менен жазылып, мүмкүн болушунча так баяндалып, керектөөчүлөрдүн кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн жеткиликтүү болушу керек.

Керектөөчүнүн тандоосу боюнча келишимдин тексти мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт, бул тууралуу керектөөчү келишим түзүүгө чейин сөзсүз түрдө маалымдалууга тийиш. ФКУ ыңгайына жараша келишимдин текстин артыкчылыктуу күчкө ээ болгон милдеттүү түрдө мамлекеттик же расмий тилде түзүү менен аны башка тилге котортушу мүмкүн.

Керектөөчү келишимге (макулдашууга) кол койгонго чейин келишим (макулдашуу) долбоорун ага карата кошо тиркелген бардык документтерди ФКУдан тышкары таанышуу үчүн бир күндөн үч күнгө чейин убакытка алууга укуктуу, бул тууралуу керектөөчүгө ал келишим түзгөнгө чейин сөзсүз түрдө маалымдалууга тийиш.

Кардар менен түзүлүүчү келишим, ошондой эле башка макулдашуулар, кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт, аны тастыктоо болуп, кардардын кредиттик келишимди өзү тандаган тилде түзүүгө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө билдирген макулдугу эсептелет.

Бул макулдук кардардын кредиттик таржымалына сакталат. ФКУ кредиттик келишимди түзгөнгө чейин керектөөчүгө төмөнкү маалыматтарды оозеки түрдө берет:

1) кредитти берүү мөөнөтү;

2) кредиттин чектүү суммасы жана валютасы, анын ичинде келип чыгышы мүмкүн болуучу валюталык тобокелдиктер;

3) жылдык номиналдык мааниде туюндурулган пайыздык чен өлчөмү, ошондой эле маалыматты берген күнгө карата жылдык эффективдүү пайыздык чен өлчөмү;

4) кредитти алууга жана тейлөөгө байланыштуу комиссиялардын, тарифтердин жана башка төлөөлөрдүн так тизмеси жана өлчөмү;

5) кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерин аткара албай калган учурда керектөөчүнүн жоопкерчилиги жана андан улам келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер;

6) кредиттик келишимдин тараптары болуп саналган күрөө коюучунун, кепилдик берүүчүнүн (гаранттын) жана башка адамдын (жактын) жоопкерчилиги;

7) кредит боюнча бир жолку утурумдук (эреже катары ай сайын төлөнүүчү) төлөмдөрдүн өлчөмү;

8) кредиттин негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык жыйымдарды жана келишимди түзүүгө жана аны аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө бөлүп көрсөтүү менен кредиттин абсолюттук маанидеги толук наркы.

Кредиттик келишим КР мыйзамдарына ылайык келүүгө жана анда мыйзам менен Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген бардык милдеттүү талаптар камтылууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий