• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Финансы министрлиги коммерциялык банктар менен келишимдерге кол койду

Экономика 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Финансы министрлиги коммерциялык банктар менен келишимдерге кол койду.

Ведомстводон билдиришкендей, “Микро, чакан жана орто ишканалар үчүн шашылыш колдоо” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында коммерциялык банктар менен төлөмдөрдү башкаруу жана пайызсыз кредиттер түрүндө берилген каражаттарды кайтаруу боюнча кошумча келишимдер түзүлдү.

Салык реформаларына байланыштуу, ошондой эле ишкерлердин суроо-талаптарына жооп катары долбоор пайызсыз кредиттерди берүү боюнча жол-жоболук принциптерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Бул коммерциялык банктарга мурда патенттик негизде иштеп, бирок жеке ишкерлерлике өткөн бизнестердин ишмердүүлүгүн өз убагында эсепке алууга мүмкүнчүлүк берет.

Долбоор өлкөдө жүргүзүлүп жаткан фискалдаштыруу процесстерин толуктайт жана бул өткөөл мезгилде ишкерлерге каржылоого жеткиликтүү болушуна жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий