Финансы министрлиги жарандарды министрдин атын жаманатты кылган жалган маалыматка алданбоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Финансы министрлиги жарандарды министр Алмаз Бакетаевдин атын жаманатты кылган жалган маалыматка алданбоону өтүнөт.

"Социалдык тармактарда финансы министри Алмаз Бакетаевдин атын жамынып, каржылык же саясий пайда алуу максатында жалган маалыматтар таратылууда.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгисиз сайттардан тараган маалымат чындыкка дал келбей турганын расмий билдирет.

Урматтуу кыргызстандыктар, ар кайсы белгисиз сайттардан тараган жалган маалыматтарга алданып калбаңыздар", - деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий