• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Аба ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктер чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Синоптиктердин маалыматына караганда, устүбүздөгү жылдын 9-12-декабрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

9-11-декабрларда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, түндүгүндө -8…-13°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -5…-10° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

ӨКМ айдоочуларга алыскы жолго чыгаарда унаага дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун, тамак-аш жана ысык суу алууну унутпоо керектигин эскертет.

Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактап, кырсык катталган учурда 112 кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий