• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Финансы министрлигинде Япониянын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Япониянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,, жолугушууга Кыргыз-Япония инсандык өнүгүү борборунун өкүлдөрү, тактап айтканда, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года, туруктуу өкүлдөрү Кавамото Хироюки жана жапон тараптан тең директор Ивай Ацуми катышты.

Биргелешкен координациялык комитеттин жылдык отурумунун жүрүшүндө 2022-жылдын апрелинен 2023-жылдын мартына чейинки иш-чаралар боюнча жыйындын отчету, ошондой эле 2022-жылдын январь-декабрь айлары үчүн финансылык отчет жана 2023-жылдын январь-декабрына бюджети каралды.

Жолугушууда катышуучулар 2023-жылдын апрелинен 2024-жылдын мартына чейинки пландардын иш-чаралары менен таанышып, актуалдуу маселе катары JICA-KRJC долбоорунун 2022-2026-жылдарга жаңы фазасы дагы болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий