• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте жаңы автобустар жол эрежесин бузгандарды каттайт

Коом 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Бишкекте жаңы автобустар жол эрежесин бузгандарды каттайт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Муниципалитет бөлүнгөн тилкеге туура эмес жерден кирген унаа сүйүүчүлөргө карата төмөнкүлөрдү билдирет:

  • Коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерде коомдук транспорттон башка автотранспорттордун кирүүсүнө тыюу салган тиешелүү жол белгилери орнотулган.
  • Бөлүнгөн тилкенин бул участокторунда жол инспекторлору тартип бузгандарды аныктап, административдик чара көрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
  • Бишкек шаарында каттаган жаңы автобустардын ичине 4 фото жана видеофиксация камерасы орнотулган.

Пилоттук долбоордо видеобайкоо камераларынан жазуулар жол эрежесин бузууларды аныктоо үчүн күн сайын иштелип чыгат, аныкталган тартип бузуулар (фото, видео материалдар) зарыл административдик чараларды көрүү үчүн Бишкек ШИИББнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, салондун ичинде 2 видеокөзөмөл камера иштейт. Конфликттик кырдаалдар же башка укук бузуулар болгон учурда жазууну карап чыгууга болот.

Пикир

Оставить комментарий