Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев министрликтин кызматкерлери менен 2024-жылдын 31-декабрында чыккан президенттин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жарлыгын ишке ашыруу максатында жыйын өткөрдү.
Ведомстводон белгилешкендей, жыйында жаңы мыйзамдын негизги жоболору жана коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу чаралары талкууланды.
Министр финансыны башкарууда ачык-айкындуулуктун маанилүүлүгүн жана мыйзамдарды так сактоо зарылдыгын белгиледи. Кызматкерлерге ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштар берилди.
Пикир
Оставить комментарий