• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Финполиция психикалык оорулуу адамга айдоочулук күбөлүгү берилгендигин ачыктады

Коом 0

Бишкек, 19.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Финполициянын кызматкерлери Чүй-Кемин каттоо-экзамендик бөлүмүнүн унааларды каттоо жана айдоочулар курамы департаменти психикалык жактан ооруган адамга “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүгүн бергендигин аныкташкан.

Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында маалым болгондой, 2005-жылдан бери психиатрдын каттоосунда турган адамга айдоочулук күбөлүгү берилген. Ошондой эле ага жеке медициналык мекемеден ден-соолугуна байланыштуу күбөлүк жазылып берилген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий