Форум жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган долбоорлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачсын – Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Форум жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган долбоорлор жана демилгелер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачсын. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вена шаарында өтүп жаткан эл аралык энергетикалык инвестициялык форумда билдирди.

Форум президент Садыр Жапаровдун видеокайрылуусу менен башталып, андан соң Акылбек Жапаровдун куттуктоо сөзү менен коштолду.

Минкаб жетекчисинин айтымында, форум Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмү үчүн да эсте каларлык болот. Анткени биринчи кезекте Аймактык маанидеги долбоор – Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу талкууланат.

"Форум туруктуу өнүгүүгө карай маанилүү кадам жана бизди жашыл жана гүлдөгөн дүйнөгө алып баруучу жаркын жолдун башталышы болот. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген, жашыл келечектин флагманы болууга багытталган долбоорго чоң кызыгуу көрсөткөн форумдун бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирем. Форум тажрыйба жана идеяларды алмашуу үчүн гана эмес, стратегиялык өнөктөштүктүн жана чечкиндүү биргелешкен аракеттердин да уникалдуу аянтчасы болуп калаарына ишенем”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бул энергетикалык форум Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн делегациялары жана жеке инвесторлор катышууда.

Пикир

Оставить комментарий